• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Тажикстанда УКМК кызматкерине кол салуу боюнча кылмыш иши сотко жөнөтүлдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.09.17. /Кабар/. Куляб шаарында Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерине кол салуу боюнча кылмыш иши сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу 4-сентябрда өлкөнүн укук коргоо органдары билдиришти.

Тергөө иштери менен алектенген Куляб шаардык прокуратурасындагы булактардын билдиришинче, кол салууну уюштурган Жамолиддин Камолов менен анын беш шериги учурда Душанбеде камакта жана жакынкы күндөрү Кулябга жеткирилет.

Буга чейин Тажикстан ИИМи кол салуу улуттук коопсуздук кызматкеринин кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу болгонун билдирген. 13-майда белгисиз адамдар Куляб шаарында УКМК кызматкерине кол салып, 24 жолу бычак сайып кетишкен. Жабырлануучу дароо облустук ооруканага жеткирилген.

«Куляб шаарынын Жамолиддин Камолов аттуу тургуну УКМК кызматкери сурак маалында аялын кемсинткен деп эсептеп, өч алуу үчүн эки бир туугандан жардам сураган. Алардан сырткары бул ишке дагы эки киши кошулган. Алар кол сала турган бычактарды Душанбедеги базардан сатып алышкан», - деп билдирди булак.

Буга чейин тергөө органдары УКМК кызматкерине кол салуу Тажикстанда тыюу салынган «Салафия» диний агымынын мүчөлөрү тарабынан жасалганын кабарлашкан.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий