• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Тажикстанда унаасын орус рубли менен саткан киши кармалды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.10.18. /Кабар/. Тажикстандын Согди облусунун тургуну Жумабой Тухтаев автоунаасын чет өлкө валютасы менен соодалаганы үчүн кармалды.

Райондук прокуратура жаран машинасын орус рублына сатып жаткан маалда кармалганын жана мыйзам чегинде иш козголгонун билдирүүдө.

Жумабой Тухтаев тергөө бүткөнгө чейин эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошотулду.

“Мен машинамды сатайын деген эмесмин. Күтүүсүздөн кардар чыгып, жакшы баа сунуштады, мен автоунаамды сатууга макул болдум”,- деди ал. Анын айтымында, сатуучу унаа үчүн 27 миң сомони сунуштаган. “Менин 1997-жылкы унаам 20 миң сомониге деле сатылмак эмес. Мен ойлонуп калдым, бирок аларман мени көндүрдү. Акчаны машинанын салонунда беришти. Мен таңгактагы беш сомонилик акчалар го деп ойлогом”,- деди Жумабой Тухтаев.

Тухтаевдердин үй-бүлөсү бул ишти адилетүү кароо боюнча Согди облустук прокуратурасына кайрылышты.

2016-жылы Тажикстанда чет өлкөлүк валютада соода жүргүзүүгө кескин тыюу салынган. Бул берене боюнча айыпталгандан 9 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий