• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Тажикстанда уруксатсыз курулуш жана жер басып алуу үчүн жаза катаалдаштырылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.12.20. /Кабар/. Тажикстанда уруксатсыз курулуш, анын ичинде жеке турак жайды өзүм билемдик менен куруу үчүн айып пул көбөйдү.

Эми бийликтин уруксаты жок үй кургандар, анын ичинде имараттын долбоорун бекиттирбегендер 530 -1000 долларга чейин айып пул төлөшөт. Мекеме-ишканаларга 1000-2000 долларга чейин жаза каралды.

Уруксатсыз курулуш үчүн жазаны катаалдаштыруу жөнүндө Административдик кодекске киргизилген өзгөртүүлөр 1-январдан тартып күчүнө кирет.

Бул арада курулуш нормалары жана эрежелери сакталбаган учурларда каралган айып пулдун көлөмү да көбөйдү.

Тажикстанда акыркы 20 жылда айыл чарба багытындагы 134 миң гектар жер курулуш үчүн берилген. Дагы 10 миң гектар аянт мамлекеттик турак жайларды жана ооруканаларды курууга бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий