• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Тажикстанда ВИЧ оорулуу балдардын саны көбөйүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 0-4.10.19. /Кабар/. Тажикстанда быйыл 130 бала ВИЧ-инфекциясына кабылганы аныкталды, алардын ичинен балдар – 82, кыздар– 48. Бул былтыркыга караганда көбүрөөк дегенди билдирет. Өлкөнүн Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жаткан коргоо министрлиги билдиргендей, айрым балдарга илдет энесинен жуккан.

Дарыгер-инфекционист Умед Талбовдун айтымында, ВИЧ-инфекция жуктуруп алган айрым учурлар алар үчүн табышмак бойдон калууда.

– ВИЧ-инфекция жугузган айрым балдардын ата-энесинин ден соолугу таза, балдардын жыныстык жол менен ооруну жуктуруп алышы мүмкүн эмес.

Балдар кан куюу, ийне саюу, орган алмаштыруу учурунда да илдетти жуктуруп алуулары ыктымал.

Тажикстанда 68 СПИД борбору бар. ВИЧ-инфекциясын жуктургандарга дары-дармек бекер берилет. 1-2 жашка чейинки бөбөктөр жасалма сүт менен камсыздандырылат. 18 жашка чейинки балдар айына 400-500 сомони (50 доллар) жөлөк пул алышат.

Тажикстанда ВИЧ-инфекциясын алып жүргөндөрдүн саны расмий түрдө 10 700 киши, алардын ичинен 7000и – эркек. Жыл башында Тажикстан саламаттык сактоо министри Насим Олимзода ВИЧ-инфекциясын алып жүрүүчүлөрдүн 54,6% илдетти жыныстык жол менен жуктурганын айткан. Ал эми 4% энелеринен жуктурган балдар түзөт. Бирок адистер илдетке кабылгандар иш жүзүндө эки эсе көп болушу ыктымал деп эсептешет.

ВИЧ-инфекциясын жуктурган бир оорулууну дарылоого жылына 700дөн 1000 долларга чейин каражат зарыл.

Пикир

Оставить комментарий