• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тажикстанда витаминдер менен байытылган ун өндүрүлө баштайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.10.20. /Кабар/. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өлкөдө жарым жылдын ичинде витаминдер менен байытылган ун өндүрүшүн баштоо тууралуу токтомго кол койду.

Ага ылайык, ун өндүрүүчүлөр азыктарын цинк, темир, B12 витамини жана фолий кычкылдыгы менен байытууга милдеттүү болушат.

Токтомдо мындай чара жарандардын саламаттыгын бекемдөөгө шарт түзө турганы жазылган.

«Байытылган ун өндүрүлө баштагандан кийин адамдар пайдалуу тамака-аш сатып алууга ашыкча чыгым болбостон эле витаминдерди ала башташат. Азыр биздин калктын басымдуу бөлүгү ундан жасалган азыктарды көп пайдаланышат. Биз унга темир кошуу менен аз кандуулук маселесин чечебиз. В12 витамин кошуу менен организмдеги витаминдин жетишсиздигин жоебуз», - деди Саламаттык сактоо министрлигинин эксперти Шерали Рахматуллоев.

Унду байытуу тууралуу мыйзам өткөн жылы эле кабыл алынып бирок аткарылбай келген. Буга ун өндүрө турган ишканалардагы жабдыктарды алмаштыруу зарылдыгын, мындан улам ундун кымбаттап кетүү ыктымалдыгы себеп болуп келген.

«Биз эсептеп чыктык, чыгымдар көп болбойт. Эгер бир кап ун 200 сомони турса, байытылгандан кийин ага бир сомони кошулат экен», -деди Рахматуллоев.

Пикир

Оставить комментарий