• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Тажикстанда YouTube аркылуу онлайн-лотерея өткөргөн блогерлер лицензия алууга милдеттендирилет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.04.21. /Кабар/. Тажикстандын Каржы министрлиги блогерлердин YouTube аркылуу онлайн-лотереяларды өткөрүп жатышы мыйзамсыз экенин, бул үчүн алар расмий уруксат алышы керектигин билдирди.

«Онлайн-лотереялардын уюштуруучулары Каржы министрлигинен тиешелүү лицензия алышы керек, болбосо алар мыйзамсыз ишкердик үчүн жоопкерчиликке тартылат», — деди министрликтин юристи Бахром Сатториён.

Ал мекеме мыйзамга өзгөртүүлөрдү сунуштап жатканын, ага ылайык онлайн-лотерея өткөрүү үчүн блогерлер Каржы министрлигинен расмий уруксат алууга милдеттүү болушарын кошумчалады.

Акыркы айларда тажикстандык блогерлер жапырт түрдө YouTube-каналдары аркылуу онлайн-лотереяларды өткөрө башташты. Байге катары автоунаалар, смартфондор, акча жана батирлер сунушталып жаткан лотереялардын билет баасы 100-200 сомониден сатылууда.

Быйыл февралда Тажикстандын Салык комитети жергиликтүү блогерлерди социалдык түйүндөрдөгү жана YouTube сервисиндеги кирешелери үчүн салык төлөөгө милдеттендирген. «Блогерлер 1-апрелге чейин каттоого туруп, социалдык түйүндөр менен YouTube порталынан түшкөн кирешелери боюнча салык төлөй башташы керек. Болбосо алардын аракети мыйзам бузуу болуп калат», — деп билдирген мекеме башчысы Шамсулло Кабирзода.

Анда тажик блогерлери кирешелери көп деле эмес экенин айтып, салык төлөй албай тургандыктарын, болбосо социалдык түйүндөрдөгү баракчаларын жабууга аргасыз болушарын билдиришкен.

Пикир

Оставить комментарий