• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тажикстанда жалпы акчанын 80% калктын колунда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.08.18. /Кабар/. Тажикстандагы жалпы акчанын 20% гана банктар менен каржы мекемелеринде сакталууда, калган 80% калктын колунда. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын тажик экономикасындагы абал тууралуу изилдөөсүндө жазылган.

Изилдөөчүлөр анда акчанын 80% өлкөнүн каржы системасынын сыртында калып жатканын белгилешкен.

«Бул калк акчасын банктарга караганда үйүндө сактоого көбүрөөк басым жасай турганын көрсөтүүдө. Ошондой эле мындан элдин банкка карата ишеними төмөн экенин да байкоого болот», - деп жазылган изилдөөдө.

Тажикстан экономикасы көбүнчө чет өлкөлөрдө иштеген эмгек мигранттар которгон акчага көз каранды. Дүйнөдө мындай өзгөчө экономикасы бар өлкөлөр аз эмес экенин белгилеген изилдөөчүлөрдү калктын банк системасына мынчалык аз акча салганы таң калтырган.

Пикир

Оставить комментарий