• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тажикстанда жарандар электр энергиясы үчүн алдын ала төлөм жүргүзө башташат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20.01.21. /Кабар/. Тажикстан Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) колдоосу менен электр энергиясын эсептөө үчүн жаңы жабдууларды орнотуп, өлкө аймактарындагы тургундардын электрондук эсептегичтерин алмаштырууну пландап жатат.

Жаңы эсептегичтер алдын ала төлөө системасы боюнча иштейт. Жарандар электр энергиясын пайдалануу үчүн алгач эсептегичке туташтырылган картага акча салышы керек болот.

Бийлик мындай жол менен электр энергиясын берүүдөгү жоготууларды 7,3% төмөндөтүүгө мүмкүн деп болжолдоодо.

АӨБ долбоорду ишке ашыруу үчүн Тажикстанга 105 миллион доллар өлчөмүндө гранттык жардам берет. Тажик бийлиги бул каражатка Душанбе, Пенжикент, Истаравшан, Исфара, Канибадам, Бустон жана Дангара райондорунун тургундарына 398 миң жаңы электр эсептегичтерди орнотууну көздөөдө.

Тажикстан АӨБдүн бул гранты үчүн 2025-жылга чейин жыл сайын электр энергиясына болгон тарифтерди жогорулатып, чыгымдарды актай турган деңгээлге жеткирүү милдеттенмесин алууда.

Бүгүнкү күндө Тажикстанда бир киловатт электр энергиясынын баасы 22,66 дирамды (2,3 доллар) түзөт. «Барки Точик» энергохолдингинин эсептөөсү боюнча бир киловаттын өздүк наркы 28 дирамды түзөт. Электр энергиясы калкка бул баадан арзан сатылып жаткандыктан, энергохолдинг чыгымга учурап келет.

2020-жылы жайында Дүйнөлүк банк да «Барки Точикке» 134 миллион доллар өлчөмүндө грант берип, бул үчүн калкка электр энергиясын кымбаттатуу шартын койгон.

Тажикстандын электр энергиясы тармагында мамлекеттик монополист эсептелген «Барки Точик» холдингинин каржылык абалы көптөгөн жылдардан бери туруксуз болуп келет. 2020-жылга карата компаниянын карызы 2,5 миллиард доллардан ашып кеткен.

Тажикстанда 20 жылга жакын убакыттан бери октябрдан апрелдин ортосуна чейин жарандарга электр энергиясын берүүдө чектөөлөр болуп келген. 2017-жылы алгачкы жолу кышкысын чектөө киргизилген эмес. Анда «Барки точик» компаниясы кичи ГЭСтер жана ЖЭБдер курулганын, бул электр энергиясын үнөмдөбөй пайдаланууга мүмкүндүк берерин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий