• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Тажикстанда жарандар коррупцияга каршы күрөшүү иштерине тартылууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 07.09.17 /Кабар/. Тажикстандын каржы көзөмөлү жана коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги өз ишине өлкөнүн жарандарын тартууга ниеттенип жатканын билдирди.

Мекеменин расмий сайтында атайын телефон номурлар менен электрондук даректер жарыяланды. Алар аркылуу жарандар министрликтер менен комитеттердин ишинин ачыктыгы жана андагы жемкорлук фактылары тууралуу маалыматтарды берип тура алышат. Билдирүү калтырган адамдарды ачыкка чыгарбоого кепилдик берилет.

Тажикстан ИИМи 2016-жылга карата мекемелердеги коррупциянын деңгээли боюнча өз рейтингин түзгөн. Ага ылайык, биринчи сапка Саламаттыкты сактоо министрлиги (анда жүздөн ашык мыйзам бузуу аныкталган), экинчиге – Билим берүү министрлиги (90дон ашык мыйзам бузуу) жана үчүнчүгө кызматкерлери 24 жолу пара менен кармалган жол сакчылары жазылган.

Жыл башында өлкө президенти Эмомали Рахмон паракорлорду аныктоо иштерин күчөтүүнү тапшырган

Мекеме бул иштердин жыйынтыгы тууралуу жыл соңунда маалымат берет.

Пикир

Оставить комментарий