• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Тажикстанда жеке клиникаларга тиш жулууга тыюу салынды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.12.18. /Кабар/. Тажикстанда жеке стоматологиялык клиникаларга тиш жулуу кызматын көрсөтүүгө тыюу салынды. Мындан ары Душанбе шаарынын тургундары “курт жеген тиши менен коштошуу үчүн” мамлекеттик медициналык жайларга гана кайрыла алышат.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо кызматынын өкүлү Муродали Меликов “Азаттыктын” тажик кызматына бул маалыматты тастыктады. Анын айтымында, расмий уруксат алган, бардык шарты бар стоматологиялык клиникалар гана тиш жулуу же трансплантациялоого укук алышат.

Бийлик бул тармакта монополия тууралуу сөз жок экенин, болгону көзөмөлдү күчөтүү чечими кабыл алынганын билдирүүдө.

Бир жума мурун Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы Кылмыш кодексинин 129-беренесине өзгөртүү киргизген. Ага ылайык, бейтаптарга инфекция жугузган, саламаттыгына зыян келтирген медициналык кызматкерлер мындан ары кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Өлкөдө төмөнкү сапаттагы жана мөөнөтү өтүп кеткен фармацевтикалык товарларды ташып келгендерге дагы жаза катаалдаштырылган.

Быйыл февралда Тажикстан Саламаттыкты сактоо министриги өлкө боюнча 22 мамлекеттик жана жеке стоматологиялык клиника санитардык норма жана стрелизация стандарттары сакталбаганы үчүн жабылганын билдирген.

Расмий маалыматтар боюнча учурда Тажикстанда 579 стоматологиялык клиника жана кабинет иш алып барат.

Пикир

Оставить комментарий