• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тажикстанда жеке компаниянын мүлкүн сатуудан түшкөн акча Рогун ГЭСинин курулушуна жумшалат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.03.19 /Кабар/. Тажикстанда «Умед-88» компаниясынын эки май куюу станциясы аукцион аркылуу 5 миллион 260 миң сомониге (554 миң доллар) сатылды. Бул тууралуу тажик өкмөтүнүн алдындагы Аткаруу кызматынын Согди облустук башкармалыгынан билдиришти.

Аталган башкармалыктын башчысы Алижон Амонзоданын айтымында, компаниянын мүлктөрүн сатуудан түшкөн акча Рогун ГЭСинин курулушуна жумшалат. «Банкрот болгон компанияга таандык мүлктөрдүн жалпы баасы болжол менен 26 миллион сомонини (2,7 миллион доллардан ашык) түзөт. Мындан тышкары Бустон шаарындагы 7 гектар бакчасы бар аянтта жайгашкан мунай кампасынын баасы 16 миллион 600 миң сомониге жетет», — деди Алижон Амонзода.

​2015-жылы жазында өлкөдө май куюу түйүндөрүн көбөйтүү максатында «Умед-88» компаниясы 19,4 миллион доллар өлчөмүндө насыя алган. Анда өлкөнүн Каржы министрлиги, «Рогун ГЭСи» ачык акционердик коому жана «Умед-88» компаниясынын ортосунда үч тараптуу кредиттик макулдашууга кол коюлган. Ага ылайык, насыяга алынган акча 2015-жылдын соңуна чейин кайтарлышы керек болчу, бирок «Умед-88» аны өз убагында төлөп бере алган эмес.

«Умед-88дин» ээси Ражабали Одинаев менен компаниянын директору Идибек Ибрагимов 2017-жылы күзүндө камалган. Андан бир нече күн мурда президент Эмомали Рахмон Каржы министрлиги түшүнүксүз жолдор менен «Умед-88ге» мамлекеттик бюджеттен 170 миллион сомони насыя берген деп сынга алган. Мамлекет башчынын айтымында, компания ал акчаларды эки жылдан бери мамлекетке кайтарып берген эмес.

​Былтыр 17-сентябрда Тажикстандын Жогорку соту «Умед-88» компаниясынын ээси Ражабали Одинаевди 24 жылга эркинен ажыраткан. Ал насыя катары берилген ири өлчөмдөгү каражатты уурдоо, кызмат абалын кыянат пайдалануу жана мамлекеттик каражатты коротуу беренелери боюнча айыпталган. Ушул эле айыптар менен компаниянын директору Идибек Иброхимов 22 жылга соттолгон.

Соттун бул чечиминен кийин компаниянын мүлкү сатыла баштаган. Тергөөнүн жүрүшүндө Ражабали Одинаев менен Идибек Ибрагимовдун туугандары компаниянын мүлктөрүн сатып жана өздөрүнүн акчасын кошуп, Каржы министрлигинен алынган насыяны толук төлөп берүүгө даяр экендиктерин билдиришкен. Бирок алардын бул сунушу эске алынган эмес.

«Умед-88» компаниясы 1996-жылы Ражабали Одинаев тарабынан негизделген. Ал өлкөгө Орусиядан, Казакстандан жана Түркмөнстандан күйүүчү май ташып келүү менен алектенген. 2015-жылга чейин компаниянын Тажикстандын аймагында 70ке жакын май куюу жайлары иштеп турган.

Пикир

Оставить комментарий