• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Тажикстанда журналисттерге акысыз укуктук жардам берилет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

БИШКЕК, 11.08.17. /Кабар/. Тажикстанда жергиликтүү ММК өкүлдөрүн укуктук жактан коргоо боюнча долбоор ишке ашырыла баштады. Ал «Ачык Коом» - Тажикстан жардам фонду» институтунун каржылык көмөгү менен «Адам укуктарын коргоо боюнча көз карандысыз борбор» коомдук уюму тарабынан ишке ашырылууда.

«Адам укуктарын коргоо боюнча көз карандысыз борбор» коомдук уюмунун башчысы Шоира Давлатованын билдиришинче, долбоордун алкагында жумушуна байланыштуу укуктары бузулган учурга кабылган журналисттерге акысыз укуктук жардам көрсөтүү боюнча атайын юридикалык кабыл алуу бөлүмү ачылат.

«Эгер журналист кесибине байланыштуу ыңгайсыз абалга туш келсе — камалса же кылмыш иши козголсо — ал кабыл алуу бөлүмүнө кайрылып, адвокаттын кызматы менен пайдалана алат. Айрым иштер боюнча ММКларда чагылдыруу каралган», деп айтылат «Ачык Коом» - Тажикстан жардам фонду» институтунун билдирүүсүндө.

Шоира Давлатованын айтымында, ММК жетекчилеринин өтүнүчү менен басылмалар редакциянын документтерине укуктук аудит да жүргүзө алышат. Андан сырткары журналисттерде макалаларын жарыялоонун алдында укуктук анализден өткөрүү мүмүндүгү пайда болот. Бул андан кийинки ыктымал тобокелдиктер менен кесепеттердин алдын алары белгиленүүдө.

Жергиликтүү журналисттик уюмдар бийлик тарабынан кысым болуп жаткан шартта ММК кызматкерлери укуктук жактан корголбогондугун көп билдирип келишет. Көз карандысыз ММКлардын улуттук ассоциациясынын маалыматына караганда, өткөн жылы «Нигох», «Вароруд», «Дам» басылмалары жана «Точньюс» агенттиги ишин токтотуп, ондогон журналист өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий