• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Тажикстанда жыл аягына чейин тарифтер жогорулабайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Тажикстанда жыл аягына чейин электр энергиясы, суу, байланыш жана коммуналдык кызматтар үчүн тарифтер жогорулабайт. Бул тууралуу президенттин «Коронавирустун социалдык-экономикалык тармактарга тийгизе турган таасиринен сактануу жөнүндөгү» жарлыгында жазылган.

Жарлыкка ылайык, калктын аярлуу катмарына, анын ичинде Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучуларына, майыптарга, жетимдерге, багуусуз балдарга, муктаж жана багуучусу жок калган эмгек мигранттарынын үй-бүлөлөрүнө 400 сомониден (40 доллар) бир жолку акчалай жардам берилет.

Мындан тышкары пандемиядан улам 1-майдан 1-августка чейин ишмердүүлүгүн толук токтоткон кичи жана орто бизнес субъектилери мамлекеттин менчиктери үчүн ижара акысын төлөөдөн бошотулат.

Жарлыкта ошондой эле COVID-19га байланыштуу медициналык көзөмөлдө болуп жаткан жарандарды эмгекке жарамсыз деген баракчалар менен камсыз кылып, аларга компенсация төлөп берүү зарылдыгы белгиленген.

24-июнда Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы COVID-19 пандемиясына байланыштуу калкка, кичи жана орто бизнеске жеңилдиктерди берүү тууралуу өкмөттүн сунушун жактырган.

Пикир

Оставить комментарий