• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тажикстандагы кыргыз мектептерге китептер тапшырылды

Билим 0

Бишкек, 13.04.18 /Кабар/. Бүгүн, 13-апрелде маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов Тажикстандагы Жерге-Тал районунун кыргыз мектептерине Манас, Семетей, Сейтек, Жеңижок жана башка маанилүү, көлөмдүү китептердин түрлөрүн тапшырды.

Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, китептерди ушул эле айылдын тургуну, активист, “Кут билим” гезитинин кызматкери Жолдош Турдубаев кабыл алды.

Эске сала кетсек, аталган айылда элүү орто мектеп бар. Кырк мектепте балдарга кыргыз тилинде билим беришет.

Пикир

Оставить комментарий