• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тажикстандагы өзбектер Мирзиёев менен Рахмондун талапкерлигин Нобель сыйлыгына көрсөтүшөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.10.18. /Кабар/. Тажикстандагы өзбек коомчулугу Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевди келерки жылы Тынчтык боюнча Нобель сыйлыгына көрсөтүү боюнча кол топтой башташты.

Тажикстандагы Өзбек коомунун төрагасы Мухаррама Мирзоалиева демилгелүү топ Норвегия Нобель комитетине байланышканын билдирди.

​«Бизге талапкерлерди көрсөтүүнүн жол-жоболорун айтып беришти. Норвегия Нобель комитети өмөттүк түзүмдөр көрсөткөн талапкерлерди карабайт экен. Бирок мамлекет башчынын талапкерлигин коомдук уюмдар көрсөтүшсө, алардын арызы милдеттүү түрдө каралат экен», - деди Мухаррам Мирзоалиев.

Эки жыл мурун Тажикстандагы белгилүү саясий жана коомдук ишмер Хикматулло Насриддинов Тынчтык боюнча Нобель сыйлыгына президент Эмомали Рахмондун талапкерлигин расмий түрдө көрсөтүүнү сунуштаган.

Өзбекстанда дагы Тынчтык боюнча Нобель сыйлыгына президент Шавкат Мирзиёевдин талапкерлигин көрсөтүү чакырыктары жаңырууда.

Тажикстанда 2010-жылдагы расмий маалыматтар боюнча 926 миң өзбек жашайт, бул өлкөдөгү калктын 12,2 % түзөт.

Пикир

Оставить комментарий