• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Тажикстандан электр зымдарын аткезчилик жолу менен алып келген жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.06.22. /Кабар/. Тажикстандан электр зымдарын аткезчилик жолу менен алып келген жаран кармалганын УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-июнда Баткен облусунун Чоң-Талаа жергесинде чек арачылар тарабынан 28 жаштагы Р.А. аттуу кыргызстандыктын башкаруусундагы Mercedes Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа кармалган.

Унаада тиешелүү документтери жок 2,5 тонна электр зымдары болгон. Айдоочу бир катар ведомстволор аралык бириктирилген постту айланып өтүүгө аракет кылган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, жаран жүктөрдү Кыргызстандын аймагында сатуу үчүн Тажикстандан мыйзамсыз алып өтүүнү пландаган.

Тиешелүү документтер толтурулгандан соң айдоочу жана жүк мындан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий