• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19: Тажикстандан келген баткендик студенттер жакындары менен байланышта болгон эмес

Аймак 0

Бишкек, 06.05.20 /Кабар/. Тажикстандан келген баткендик студенттер жакындары менен байланышта болгон эмес. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кошуна Тажикстанда кооптуу илдеттин жайылышынан улам, мекенине кайткан кыргызстандыктар көбөйүүдө.

Бүгүнкү күнгө Баткен облусуна Тажикстанда окуп жүргөн жалпы 27 студент келген. Алардын баары чек ара көзөмөл-өткөрүү бекетинен текшерилип, обсервацияга жаткырылган. Алар жакындары менен байланышта болгон эмес. 27 студенттин ичинен төртөөнөн коронавирус аныкталып, ооруканага жаткырылды.

Учурда Баткен облусу менен Тажикстан Республикасынын чектеш аймактарында чек ара автожол көзөмөл-өткөрүү бекеттери жана санитардык-карантиндик көзөмөл посттор күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Ошондой эле чек аралаш аймакта калк жыш жайгашкан айылдарда көзөмөл күчөтүлүп, түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Бул илдет менен күрөшүүдө Кыргызстандын Баткен, Тажикстандын Согди облустарынын жергиликтүү бийлик органдары, ички иштер органдары, чек арачылар жана башка тийиштүү органдар биргеликте иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий