• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Тажикстандан өлкөгө мыйзамсыз ташылып келген дээрлик 1 млн. сомдук жүк кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.12.18. /Кабар/. Кыргызстанда Тажикстандан аткезчилик жол менен келе жаткан кургатылган мөмө-жемиштердин чоң партиясы кармалды. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Ноокат районунун Он эки-Бел айылындагы бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан Евразиялык экономикалык бирикменин аймагына мыйзамсыз, аткезчилик жол менен кирген азыктарды жана унааларды текшерүү жана аныктоо максатында жүргүзүлгөн иш-чаранын жыйынтыгында А.Т. аттуу айдоочу башкарган “MANTGA 26.430” үлгүсүндөгү унаа кармалган.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында, ЕАЭБдин аймагына бажы көзөмөлүнүн талаптарын бузуу менен Тажикстандан келе жаткан кургатылган мөмө-жемиштер бар экендиги аныкталган.

Кармалган жүктүн баасы 943 миң 420 сомду түзөт.

Бул факт боюнча бардык материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий