• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тажикстандан мыйзамсыз ташылган дары-дармек кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.08.18. /Кабар/. Тажикстандан Кыргызстанга аткезчилик жол менен дары-дармек ташыган адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Анын маалыматына ылайык, 5-августта Баткендин Кызыл-Жол айылынан 75 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган. Ал башкарып келе жаткан “Мерседес” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаадан 5 миң куту стрептоцид, 1 миң 100 куту линкомицин жана 400 куту амарил салынган 46 таңгак дары-дармек табылган.

Текшерүү учурунда дары-дармектин Тажикстандан ташылып келе жатканы жана керектүү документтери жок экени аныкталган. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий