• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Тажикстандык дарыгерлер кыргыз депутатынын өмүрү үчүн күрөшүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.11.18. /Кабар/. Баткендин Лейлек районунун Жаңы-Жер айылдык кеңешинин белгисиз адамдар атып кеткен төрагасы Кубанычбек Баянов өзүнө келе элек. Дарыгерлер шаршемби күнү экинчи жолу операция жасашты. Баянов Тажикстанга караштуу Гафуров шаарындагы ооруканада жатат, - деп жазат centralasian.org.

Окуя 5-ноябрда түн ичинде жабырлануучунун үйүнүн алдында болгон. Белгисиз адамдар Арка-2 айылынын 32 жаштагы тургуну Кубанычбек Баяновду артынан келип, мергенчилик мылтык менен атышкан. Аткан адамдар изин жашырганга үлгүргөн.

Анын агасы Гайратбек Баяновдун айтымында, кылмышкерди кармоого мүмкүн боло элек:

– Окуя болгон жерде болгон эмесмин. Алар иним дарбазаны жаап жаткан маалда, аркасынан ок атышкан. Аткандарды көргөн бир дагы күбө жок болуп жатат.

Исфана шаары алысыраак болгондуктан, депутатты Тажикстан аймагындагы эң жакын ооруканага алып барышкан.

Бободжон Гафуров районунун борбордук ооруканасынын дарыгери Жамшед Мирбегиевдин айтымында, бейтаптын абалы оор, атайын дем алдыруу аппаратында жатат:

– Эки жолу операция болду. Анын өмүрүн сактап калуу үчүн колдон келишинче аракет жасап жатабыз. Кечээ Хоженттен адистерди чакырдык, консилиум өткөрдүк. Кубанычбек аман калат деп үмүттөнөбүз.

Факт боюнча Лейлек райондук ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгоп, тергөө башталган эле. Милиция иликтөө иштери уланып жатканын кабарлоодо.

Пикир

Оставить комментарий