• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тажикстандык мигрант тиштелген кулагы үчүн 150 миң руль компенсация алды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.09.17. /Кабар/. Москвалык киши кулагын тиштеп алган тажикстандык короо шыпыруучу Махмадулло Давлатзода полицияга жазган арызынан баш тартты. Бул үчүн ал тынчтык келишимдин негизинде 150 миң рубль (3 миң доллардын тегереги) компенсация алды.

51 жаштагы тажик мигранты кенемте алгандан кийин кулагын тиштеп алган кишиге карата эч кандай доосу жок экенин билдирген. Учурда ал Москвадагы ооруканалардын биринде дарыланууда, жакында чыгат.

Айыпталуучу мигранттан расмий түрдө кечирим сурап, дарылануу үчүн 150 миң рубль төлөп берген.

Августтун ортосунда тажикстандык мигрант Махмадулло Давлатзода ити Москвадагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдындагы гүлдөргө заңдаган аялга сын айткан. Жооп катары ал кыйкырып, мигрантты кемсинткен.

«Мен анын бул кыйкырышы менен айтышыбыз бүттү го деп ойлогом. Бирок эртеси чымыр денелүү бир киши келип, мени сабап баштады. Ал менин тиштеримди сындырды, анан качып кетүүгө аргасыз болдум», деди Махмадулло.

Окуядан кийин Давлотзода полицияга даттанып барган, бирок укук коргоо кызматкерлери аны арыз жазбастан, сабаган адамды кечирип коюуга көндүрүшкөн. Бирок көп өтпөй тигил киши кайрадан пайда болуп, аялынан кечирим сурабаса мындан ары бул жакта иштебей тургандыгын айтып бычак менен коркуткан. Мигрант анын бул талабын аткаруудан баш тартканда ал Давлатзоданын кулагын тиштеп алган.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий