• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тажикстандык Олимпиада чемпиону кызытма колдонгонун четке какты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.09.19. /Кабар/. Кызытма жаңжалынын чордонунда калган белгилүү тажик спортчусу, 2016-жылдагы Олимпиаданын салмоор таш ыргытуу боюнча чемпиону Дилшод Назаров бардык айыптоолорду четке какты.

– 2011-жылы допинг колдонгон деген шек жаралганына абдан таң калып жатам. Мунун айынан Дохада өтө турган дүйнө чемпионатынан четтетилдим. Мен дайыма таза спортту жактаганымды жана бардык сыйлыгымды өз күчүм менен алганымды билдирем.

Ал күнөөсүз экенин далилдөө үчүн белгилүү европалык адвокат жалдаганын кошумчалады.

24-сентябрда Дилшод Назаров допингге каршы эрежелерди бузган деген айып менен мелдештерден убактылуу четтетилгени белгилүү болгон. Бул тууралуу Жеңил атлетикадагы мыйзамсыз көрүнүштөргө каршы күрөш органынын (Athletics Integrity Unit) сайтында жарыяланган.

Назаров кызытма эрежесин бузган спортчулардын тизмесине киргизилди. 2011-жылы Түштүк Кореяда өткөн чемпионаттагы допинг-көзөмөл кайталап жүргүзүлгөн учурда анын канынан тыюу салынган зат табылган.

Тажикстандын Антидопинг боюнча улуттук уюмунун башчысы Мухаммадшо Абдуллоев Дилшод Назаров 2016-жылкы Олимпиададан кийин допинг көзөмөлдөн ийгиликтүү чыкканын билдирди.

- 2016-жылдын 19-августунда, Олимпиада оюндарынан кийин эле ага допинг-көзөмөл жасалган. WADA уюмунун эрежелери боюнча эгер спортчунун канынан шектүү зат табылса, бул тууралуу он күндүн ичинде ачык айтылат жана спортчу жазага тартылат. Дилшод Назаровго эч кандай айып коюлган эмес, - деди Абдуллоев.

Дилшод Назаров ушул тапта спорттун салмоор таш ыргытуу түрү боюнча 27-сентябрдан 6-октябрга чейин өтө турган мелдешке катышуу үчүн Катарда жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий