• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Тажикстандык студенттерге Россиянын аймагына кирүүгө уруксат берилди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.04.21. /Кабар/. Тажикстандык студенттерге жогорку окуу жайлардагы окууларын улантуу үчүн Россиянын аймагына кирүүгө уруксат берилди. Мындай чечим 31-мартта кабыл алынганын Россиянын Илим жана жогорку билим берүү министрлиги кабарлады.

Чечимге ылайык, Венесуэла, Германия, Сирия, Тажикстан, Өзбекстан жана Шри-Ланка өлкөлөрүнүн студенттери, аспиранттары, ординаторлору жана даярдык факультеттеринин угуучулары окууларын улантуу үчүн Россиянын аймагына кире алышат. Алар окууга кайтаары тууралуу өздөрү билим алган окуу жайга 10 күндөн кеч эмес убакта маалымат бериши керек. Мындан тышкары студенттер Россияга кирээрдин алдындагы 72 сааттын ичинде жана киргенден кийинки 3 сутканын аралыгында эки ПЧР тест тапшырууга милдеттүү болушат.

Тажикстандын Билим берүү жана илим министрлиги өткөн жылы өлкөнүн 3 миңден ашык жараны чет мамлекеттердеги жогорку окуу жайларга тапшырып, бирок пандемиядан улам көпчүлүгү аралыктан окууга аргасыз болуп жатканын кабарлаган. Айрым тажикстандык студенттер интернет ылдамдыгынын аздыгына жана электр жарыгын берүүдөгү мүчүлүштүктөргө байланыштуу онлайн окууда кыйынчылыктар жаралып жатканын билдиришкен.

Буга чейин орус өкмөтү эпидемиологиялык абал кооптуу эмес деп эсептелген 25 өлкөнүн студенттерине, аспиранттарына, ординаторлоруна жана даярдоочу курстардын угуучуларына Россияга кайтып келип, окуусун улантууга уруксат берген. Анда бул өлкөлөрдүн тизмесине Тажикстан менен Өзбекстан киргизилген эмес.

Бүгүнкү күндө Россиянын жогорку окуу жайларында 26 миңге жакын тажикстандык студент билим алууда. Коронавирус пандемиясына байланыштуу алардын көбү аралыктан окууга өтүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий