• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Тажикстандык жана өзбекстандык студенттердин Россияга кирүүсүнө уруксат берилген жок

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23.03.21. /Кабар/. Россия өкмөтү эпидемиологиялык абал кооптуу эмес деп эсептелген 25 өлкөнүн студенттерине, аспиранттарына, ординаторлоруна жана даярдоочу курстардын угуучуларына Россияга кайтып келип, окуусун улантууга уруксат берди.

Россиянын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин талабы боюнча чет өлкөлүк студенттер окууга кайтары тууралуу өздөрү билим алган окуу жайга 10 күндөн кеч эмес убакта маалымдоого тийиш. Алар Россияга кирердин алдындагы 72 сааттын ичинде жана киргенден кийинки 3 сутканын аралыгында эки ПЧР-тест тапшырууга милдеттүү.

Эпидемиологиялык абал кооптуу эмес деп эсептелген Казакстан, Кыргызстан, Катар, Азербайжан, Армения, Беларусь өңдүү 25 өлкөнүн тизмесине Өзбекстан менен Тажикстан киргизилген эмес.

16-мартта Душанбеге Россиянын «Роспотребнадзор» мекемесинин адистери өлкөдөгү коронавируска байланыштуу абалга баа берүү үчүн келишкен. Анда россиялык адистер кырдаалга баа берип кеткенден кийин Россия чек араларды ачып, туруктуу аба каттамдарын жандандыруу боюнча чечим кабыл ала турганы күтүлүп жатканы кабарланган.

Расмий маалыматтар боюнча бүгүнкү күндө Россиянын жогорку окуу жайларында 26 миңге жакын тажикстандык студент билим алууда. Коронавирус пандемиясына байланыштуу алардын көбү аралыктан окуп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий