• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тажикстандык жаран Кыргызстандын жасалма паспорту менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.04.19. /Кабар/. Бүгүн, 27-апрель күнү "Манас-аэропорт" көзөмөл өткөрмө пунктунда Тажикстандын жараны Кыргызстандын жасалма паспорту менен кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ММК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Чек ара кызматы билдиргендей, ал жаран Бишкектен Москвага учуп кетмекчи болгон.

"Тажикстандын 31 жаштагы Х.А., аттуу жараны паспорттук көзөмөлдөн өтүп жатып Кыргызстандын жаранынын паспортун көрсөткөн. Бирок, чек арачылар документтин чыныгы экендигине күмөнү жаралган. Текшерүүдө ал жасалма паспорт экени аныкталды", - деп билдирет Чек ара кызматы.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин, кармалган жаран Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий