• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тажикстандын айылдарында электр энергиясын колдонууга чектөө киргизилди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.01.21. /Кабар/. Тажикстандын айылдарында 5-январдан тартып электр энергиясын колдонууга чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Тажик радиосу «Барки точик» энергохолдингине шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, айыл тургундарында электр жарыгы түнкү саат 23:00дөн эртең мененки алтыга чейин өчүрүлүп турат. Азырынча чектөө качан алынары белгисиз.

«Барки точик» холдингинин аты-жөнүн айткысы келбеген кызматкери электр энергиясын колдонууга чектөөлөр киргизилгенин ырастап, бирок шаарларда жарык өчүрүлбөй турганын белгиледи. Анын айтымында, мындай чечим Нурек ГЭСинин суу сактагычындагы суунун деңгээли төмөндөп кеткенине байланыштуу кабыл алынды.

Тажикстандын бийлиги электр энергиясын колдонууга чектөөлөрдү киргизүү ыктымалдыгы тууралуу декабрдын ортосунда айта баштаган. 15-декабрда өкмөт мүчөлөрүнүн, шаар жана облус жетекчилеринин катышуусунда өткөн жыйында өлкө президенти Эмомали Рахмон калкты электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырып, болбосо кайрадан чектөөлөрдү киргизүүгө туура келерин эскерткен.

Тажикстанда айрым райондордун тургундары ноябрдан баштап эле эртең менен саат сегизден кечки бешке чейин электр жарыгы өчүрүлүп жатканына даттанып келишкен. Анда «Барки точик» холдинги электр энергиясын берүүдөгү мүчүлүштүктөр оңдоо иштерине байланыштуу экенин билдирген.

Тажикстанда 20 жылга жакын убакыттан бери октябрдан апрелдин ортосуна чейин жарандарга электр энергиясын берүүдө чектөөлөр болуп келген.

2017-жылы алгачкы жолу кышкысын чектөө киргизилген эмес. Анда «Барки точик» компаниясы кичи ГЭСтер жана ЖЭБдер курулганын, бул электр энергиясын үнөмдөбөй пайдаланууга мүмкүндүк берерин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий