• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тажикстандын акын, драматург министри юридика илимдеринин доктору даражасына ээ болот

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.12.18 /Кабар/. Жаңы жылдын алдында Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзода «юридика илимдеринин доктору» деген илимий даражага ээ болушу мүмкүн. Бул тууралуу «Азаттыктын» тажик кызматы укук коргоо органдарындагы өз булактарына шилтеме кылып билдирди.

Маалыматка караганда, министр 29-декабрда «Тажикстандагы экономикалык кылмыштар: кылмыш-укуктук жана салыштырма-укуктук анализ» деген темада доктордук диссертациясын жактайт.

Буга чейин ИИМ башчысынын илимий ишин Тажик улуттук университетинин юридика факультетинин Илимий кеңеши жактырган.

Булактын маалыматы боюнча диссертациянын бир бөлүмү Тажикстандагы банк каатчылыгына арналган. Автор анда өлкө банктарындагы көйгөйлөр глобалдык каржы каатчылынан кийин башталганын белгилеген. Анын айтымында, банктар тобокелдиктерди эске албастан, насыя берүүнү уланта беришкен.

Мындан тышкары өз изилдөөсүндө министр ИИМдин алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматын кайрадан калыбына келтирүү боюнча сурамжылоо жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында бул идеяны сурамжылоого катышкандардын 70 пайыздан ашыгы колдогон. Президент Эмомали Рахмон тарабынан 2007-жылы жоюлган бул кызматты Рамазон Рахимзода 1995-2001-жылдар аралыгында жетектеген.

Тажик ИИМ башчысы мындан тышкары Нихони деген каймана ысым менен ырларды жазат. Анын «Улут лидеринин көркөмдүгү» деп аталган алгачкы ыры «Тажикстан» журналынын 2016-жылдын ноябрындагы санына басылып чыккан. Кийин журнал Нихонини «Өткөн жылдын мыкты ыры» деген наам менен сыйлаган.

Быйыл августта өлкөнүн Мамлекеттик академиялык драмалык театрында ИИМ башчысынын пьесасынын негизинде «Дили модар» («Эненин жүрөгү») деген спектаклдин премьерасы болгон. Спектаклде Сирияга барып, «Ислам мамлекети» уюмуна кошулуп кеткен Хуршед аттуу студент жөнүндө айтылат. Аны издеп артынан барган энеси өз уулунун колунан каза табат.

Пикир

Оставить комментарий