• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тажикстандын банк секторунда кызматкерлердин санын кыскартуу уланууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23.07.18. /Кабар/. “Эсхата Банкы” жыл башынан бери кызматкерлеринин санын он пайызга кыскартты. Каржы мекемесинен билдиришкендей, Улуттук банктын сунушу менен жетекчилик алмашкандан кийин персоналдардын саны азайтылды.

Маалыматтарга караганда, айрым кызматкерлер тейлөө жайлары жабылгандан кийин банк менен коштошушкан, айрымдары аттестациядан өтпөй калган.

“Эсхата Банкы” кызматкерлердин санын кыскартуу каржы каатчылыгына байланыштуу экенин баса белгилеген.

Тажикстандын банк сектору 2015-жылдан бери каатчылыкка кептелди. 17 банк тарабынан көрсөтүлгөн система көйгөйлүү насыяларга туш болгон, алардын жалпы көлөмү 520 миллион долларды түзөт. Былтыр Тажикстанда төрт ири коммерциялык банк каржылык маселелерден улам лицензиядан ажыраган, дагы эки орточо банк – “Тажпромбанк” менен “Фононбанк” дефолтко учураган.

“Эсхата Банкы” 1994-жылы негизделген, 1,5 миллион кардарды тейлеген базасы бар.

Пикир

Оставить комментарий