• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тажикстандын эки жараны мыйзамсыз 24 тонна күйүүчү май алып өтүүгө аракет кылышкан

Коом 0

Бишкек, 13.03.18. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасында чек арачылар күйүүчү май менен Тажикстандын эки жаранын кармашкан. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Алар Лейлек районундагы Ленин аймагында кармалышкан.

Тажикстандын эки жараны оор жүк ташуучу унаа менен Кыргызстандан 24 тонна күйүүчү майды алып өтүүгө аракет кылышкан.

Мамлекеттик чек ара режимин бузгандары үчүн айып салынып, аткезчилик жүк финансы полициясынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий