• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тажикстандын футбол боюнча жаштар курамасы Азия чемпионатынын финалдык бөлүгүнө өттү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 09.10.19. /Кабар/. Тажикстандын футбол боюнча жаштар курама командасы (U-19) Азия чемпионатынын финалдык бөлүгүнө өттү. Тандоо оюндарынын чечүүчү беттешинде тажик футболчулары сириялык курдаштарын 1:0 эсебинде утуп алышты.

Беттеш 6-октябрь күнү кечинде Душанбедеги Борбордук стадиондо өтүп, андагы жалгыз голду 23-мүнөттө Шахром Самиев киргизди.

«С» тобундагы экинчи беттеште Ливан курамасы Мальдив аралдарын 2:0 эсебинде утуп, турнирдик жадыбалда экинчи сапка көтөрүлдү.

Футбол боюнча жаштар арасындагы Азия биринчилигинин финалдык бөлүгү кийинки жылы Өзбекстанда өтүп, ага 16 команда катышат.

Азия чемпионатынын күмүш медалынын ээси болгон Тажикстандын 17 жашка чейинки жаштар курамасы быйыл дүйнө чемпионатына (2019 FIFA U-17 World Cup) катышат. Мелдеш 4-октябрдан 26-октябрга чейин Бразилияда өтөт. Анда тажик футболчулары Аргентина, Испания жана Камерун курамалары менен бирге «Е» тобунда ойношот.

Пикир

Оставить комментарий