• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Тажикстандын өкмөттүк делегациясы ЕККУнун жыйынына активдүү катышууга ниеттенүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 07.09.19. /Кабар/. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Варшавада өтө турган жыйынына бара турган тажик делегациясынын курамы белгилүү болду.

Өкмөттөгү өз булактардын маалыматына караганда, жыйынга Тажикстандан президенттин алдындагы Ислам таануу борборунун жетекчи орун басары, Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы, Стратегиялык изилдөөлөр борборунун өкүлү жана президенттик аппарат менен Башкы прокуратуранын кызматкерлери барышат.

Өкмөттөгү аты-жөнүн билдиргиси келбеген аткаминердин айтымында, делегация мүчөлөрү өлкөдөгү саясий абал, демократия жана адам укуктарына байланышкан маселелер талкуулана турган бул жыйынга жигердүү катышууга ниеттенип жатышат.

«Анда айтылышы мүмкүн болгон бардык даттануулар же сын-пикирлер биз тараптан талкууланып, каралат. Бийлик менен оппозиция өкүлдөрүнүн ортосунда былтыркыдай жаңжал кайталанбашы керек», — деди ал.

2016-жылы Тажикстандын өкмөттүк делегациясы ЕККУ жыйынына тажик оппозициясынын өкүлдөрү катышканына нааразылык билдирип, залдан чыгып кетишкен. Арадан жарым жыл өткөндөн кийин бул уюмдун Тажикстандагы макамы төмөндөтүлгөн. Анда тажик бийлиги ЕККУну «террорчуларга» трибуна берди деп айыптаган. Өз кезегинде уюм Варшавадагы жыйын бардык саясий топтордун өкүлдөрү үчүн маанилүү аянтча экенин билдирген.

Чет өлкөлөрдө жашаган тажик оппозициячылары Тажикстандагы адам укуктарынын бузулушу, саясий туткундар жана сөз эркиндигинин чектелишине байланышкан маселелерди айтуу үчүн жыл сайын бул жыйынга катышуу мүмкүндүгүн пайдаланып келишет.

Тажикстандын көз карандысыз ЖМКлар бирикмесинин төрагасы Нуриддин Каршибаев быйыл ЕККУнун жыйынында өлкөдөгү сөз эркиндиги маселесин көтөрүүгө ниеттенип жатканын билдирди. Ал тажик бийлиги шайлоонун алдында көз карандысыз басылмалардын тоскоолдуксуз иштөөсүнө бардык шарттарды түзүп бериши керек деп эсептейт.

Аталган жыйынга Каршибаевден тышкары өлкөнүн Кыйноолорго каршы коалициясынын мүчөлөрү жана оппозиция өкүлдөрү дагы катышуу ниеттерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий