• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Тажикстандын кол салуусу. Баткендеги 36 метрлик көпүрөнү калыбына келтирүү иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 28.09.22. /Кабар/. Баткендеги Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык жолунун 7-чакырымындагы 36 метрлик көпүрөнү калыбына келтирүү иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда темир курама орто унаа көпүрөнү орнотуу иштери жүрүүдө.

Аткаруучу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №2 Жол курулуш башкармалыгы.

Эскерте кетсек, аталган көпүрө калк үчүн дары-дармек, азык-түлүк жана башка керектүү каражаттарды жеткирүүнү ишке ашырган маанилүү объект болуп саналат. Ал 17-сентябрда тажик аскерлери тарабынан жардырылган.

Пикир

Оставить комментарий