• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тажикстандын кол салуусу. Баткен облусунда 4,3 миң үй жарыксыз калууда

Аймак 0

Бишкек, 19.09.22. /Кабар/. Баткен облусунда 4 миң 320 үй жарыксыз калууда. Бул тууралуу "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасынан билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда электр энергиясын калыбына келтирүү иштери уланууда.

“19-сентябрга карата Баткен жана Лейлек райондорундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы согуштук аракеттердин натыйжасында 6-10 кВ аныкталган 19 жогорку чыңалуудагы 6-10 кВ аба чубалгыларынын 8и чыңалуусуз калган. Ошондой эле 4 миң 320 жакын үй электр энергиясыз калууда. Учурда калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат”, - деп айтылат маалыматта.

Такталгандай, учурда Кыргызстандын улуттук электр тармагы ишканасы ыкчам топтору бүгүнкү күндө 6-10 кВ 11 аба чубалгысын туташтырды.

Эске салсак, жалпысынан Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында согуштук аракеттер башталгандан бери 6-10 кВ чыңалуудагы 19 линия, ошондой эле 35 кВ чыңалуудагы бир линия өчүрүлдү. Жалпысынан Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун 39 калктуу конушу электр энергиясыз калган.

Пикир

Оставить комментарий