• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Тажикстандын кол салуусу. Баткенде 817 жарандын документи калыбына келтирилди

Аймак 0

Бишкек, 23.11.22. /Кабар/. Сентябрь айында Тажикстандын Баткен облусуна куралдуу кол салуусу учурунда жабыркаган 817 жарандын документтери калыбына келтирилди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, министрликке караштуу “Инфоком” мамлекеттик ишканасы менен Калкты каттоо департаменти тарабынан Баткен облусунун үч районунан жана республикалык мааниге ээ Бишкек жана Ош шаарларынан 5 мобилдик группа уюштурулган.

Калкты каттоо департаментинин аймактык бөлүмдөрү Баткен облусунун Баткен жана Лейлек районундагы жабыркаган жарандардын келип түшкөн арыздарынын негизинде документтерди калыбына келтирүү иштерин жүргүзүштү.

Пикир

Оставить комментарий