• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Тажикстандын кол салуусу. Баткенде курулушу бүткөн дагы 35 үй колдонууга берилди

Аймак 0


Бишкек, 02.02.23. /Кабар/. Баткендеги куралдуу кагылыштан жабыркаган үйлөрдүн курулуш иштери аяктоо алдында турат. Бүгүн, 2-февралда дагы 35 үй бүтүп, ээлерине тапшырылды.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазгандай, бир жума ичинде дагы 15 үй даяр болот.

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев президент Садыр Жапаровдун атынан үйдүн кожоюндарына 100 миң сомдон акчалай белек тапшырган.

Белгилей кетсек, 18-январда курулушу аяктаган 30 үй пайдаланууга берилген.

Эске салсак, 2022-жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алуу максатында Баткен облусунун жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун чек ара заставаларына жана калктуу конуштарына куралдуу кол салган.

Тажикстандын куралдуу кол салуусунун кесепетинен, КР Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматтары боюнча, 63 адам курман болуп, 198 адам жабыркаган. Ошондой эле турак жайлар, социалдык объектилер талкаланган.

Пикир

Оставить комментарий