• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тажикстандын кол салуусу. Баткенде талкаланган үйлөрдүн саны 432ге жетти

Аймак 0

Бишкек, 22.09.22./Кабар/. Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам Баткен облусунда талкаланган турак үйлөрдүн саны 432ге жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун башчысы Ырысбек Жолдошбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда Жарандык коргонуунун жергиликтүү комиссиялары тарабынан Баткен облусу боюнча жалпы жабыркаган объектилерди тактоо иштери аяктады.

“Ошондой эле комиссия 285 короо-жайлар, мал сарайлар жана чарбалык объектилер, 6 мектеп, 6 бала бакча, 2 саламаттык сактоо уюму, 9 административдик имарат, 26 автоунаа жана башка турмуш-тиричиликти камсыз кылуучу 171 объект талкаланганын аныктады", - деди ал.

Мындан тышкары, ал жарылбай калган 78 снаряд табылып, алар сапёрлор тарабынан зыянсыздандырылганын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий