• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тажикстандын кол салуусу. Баткенде жабыркаган үйлөр эки күндөн кийин салына баштайт – Жунушалиев

Аймак 0


Бишкек, 24.09.22. /Кабар/. Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунан жабыр тарткан турак жайлар эки күндөн кийин салына баштайт. Бул тууралуу бүгүн президенттин администрациясынын башкармалыгынын башчысы Айбек Жунушалиев Баткенге болгон иш сапарынын алкагында билдирди.

Анын айтымында, ведомстволор аралык комиссия өзүнүн ишин тез арада аяктап, 26-сентябрдан баштап турак жайларды сала баштайт.

“Жабыр тарткан турак жайларды эл аралык уюмдардын өкүлдөрү көрүп кетишти. Биринчи күндөн баштап курулуш техникалары келип баштайт. Үйлөрдүн салынышы республикалык бюджеттен каржыланат. Үйлөр салынганда да кирпич менен салынат. Үстү монолит менен жабылат. Бүт эски үйлөр алынат да, жаңы имараттар тургузулат”, - деп билдирди Айбек Жунушалиев.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасады.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 62 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) шейит болуп, 198 киши жабыркады.

Пикир

Оставить комментарий