• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тажикстандын кол салуусу. Баткенге жалпы 775 тонна гумжардам жеткирилди

Коом 0

Бишкек, 20.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 20-сентябрь саат 08:00гө карата маалымат боюнча, Баткенге жалпы 775 тонна гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 131 тонна КР ӨКМ тарабынан, 478 тонна жардам жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген. Учурда кампада 165 тонна гуманитардык жардам турат. Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар 51 оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп Баткен облусунун аймагына жөнөтүлгөн.

Республиканын бардык облус жана шаарларында гумжардам чогултуу боюнча жалпы 188 пункт уюштурулуп, иштер жүрүп жатат:

- Ош облусунда – 44;

- Жалал-Абад облусунда– 12;

- Нарын облусунда – 6;

- Ысык-Көл облусунда – 69;

- Талас облусунда – 43;

- Чүй облусунда – 12;

- Ош шаарында –1;

- Бишкек шаарында – 1.

Белгилей кетсек, Тажикстандын куралдуу кол салуусунан Батккен облусу боюнча 136 миң 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 3 миң 427 жаран убактылуу кабыл алуу жайларга жайгашкан.

Мындан тышкары, Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынын айылдарынан 5 миң 301 жаран эвакуацияланган. Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринин жатаканаларында 1 миң 890 орун даярдалып, 512 жаран жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий