• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Баткенге жардам. Бишкек шаарынан 335 тонна гумжардам жөнөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 20.09.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров "Кабар" агенттигинде өткөн брифингде Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам Баткен облусунун жашоочуларына гуманитардык жардам чогултуу боюнча маалымат берди.

Анын айтымында, республикалык штабдан тышкары Бишкек мэриясы муниципалдык аймактык башкармалыктардын жана муниципалдык администрациялардын бардык имараттарында гуманитардык жардамдарды кабыл алуу үчүн 24 пункт ачты.

"16-сентябрында биринчилерден болуп муниципалитет тарабынан жергиликтүү бюджеттин эсебинен Баткен облусуна жалпы көлөмү 67 тоннаны түзгөн 3 жүк ташуучу унаа эң керектүү азыктар жана буюмдар, жеке гигиеналык каражаттар жөнөтүлдү. Гуманитардык жардам пунктуна шаардыктар тарабынан 334 миң 83 сом акчалай жардам, 11 миң 078 кг ун, 3 миң 598 кг кумшекер, 1 миң 649 литр май, 804 консерва, 4 997 кг дан азыктары, 1 438 кг жашылча-жемиш, 7 047 даана гигиеналык каражаттар 3 718 даана медициналык каражаттар чогултулду.

Мындан тышкары Баткен облусуна жөнөтүү үчүн республикалык штабга жарандардан кийим-кече, дан азыктары, кондитердик азыктар, чай, кофе ж.б. алынып келүүдө.

Ал белгилегендей, Бишкек мэриясы Республикалык штаб менен биргеликте Баткен облусунун тургундарына 17 жүк ташуучу унаа менен жалпы 335,3 тонна гуманитардык жүк жөнөтүлдү.

"Бишкек шаарынын мэриясы, түзүмдүк бөлүмдөрү жана муниципалдык ишканалар тарабынан Баткен облусунда жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн жалпы 4 млн сомдон ашык бир күндүк эмгек акы которулду", - деди мэр.

Пикир

Оставить комментарий