• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тажикстандын кол салуусу. Бизди танка, ок жана мыкаачылык менен коркута албайсыңар! - Ак-Сай жана Капчыгайдын тургундары

Аймак 0

Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Сай жана Капчыгай айылдары Тажикстандын Ворух анклавына жакын жайгашкандыктан, Тажикстандын Кыргызстанга кезектеги куралдуу кол салуусунан көбүрөөк зыянга учураган. Жергиликтүү тургундар өлтүрүлгөн, айылдардын 80 пайызы өрттөлгөн, жарандык инфраструктура объектилери талкаланып, өрттөлгөн, дүкөндөр тонолгон, мал уурдалып, үйлөрдүн көбү тонолгон. Ак-Сай айылында мектеп өрттөлүп, мектеп кароолчусу мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Жергиликтүү тургундардын айтымында, кароолчунун денесинде жана башында көптөгөн жаракаттар жана күйүктүн издери болгон. Көрүнүп тургандай, агрессорлор аны мазактап, андан соң өрттөп жиберүүгө аракет кылышкан. Дагы деле көптөгөн үйлөрдүн түтөшү байкалууда, тургундардын бир бөлүгү үйлөрүнө кайта элек. Айылдардын көчөлөрүндө автомат окторунун гильзалары жайнап жатат, көчөлөрдөн оор аскер техникасынын издерин байкоого болот.

Капчыгай айылынын тургуну Ташбалты Тойчиевдин айтымында, тажик аскерлери менен Тажикстандын чек арага жакын жайгашкан айылдарынын жашоочулары абийрин жоготту. Аксакал белгилегендей, акыркы жылдары тажик тарап ырайымсыз жана мыкаачылык менен агрессия көрсөтүүдө.

“Жашым 70ке тамандап калды. Өмүрүмдүн көбүн кичи мекеним Капчыгай айылында өткөрдүм. Эсимде, совет мезгилинде барыбыз ыктмакта жашачубыз. Биздин айылда тажиктер ээн-эркин жүрүп, ар ким өз ишин тынчтык жолу менен чечип, стабилдүүлүк болгон. Союз тарагандан кийин эле тажиктер өзгөрүп, агрессивдүү мамиле жасап, биздин жерлерге көз арта баштады. Биздин айыл жана ага коңшу Ак-Сай айылы Ворух анклавына жакын жайгашкан. Бирок, ошол эле учурда анклавдын калкынын саны биздин айылдардын калкынан бир кыйла көп. Жөнөкөй сөз менен айтканда алар көп. Тажиктер көп экендиктерин түшүнүп агерссия көрсөтө баштады”, - дейт Тойчиев.

Баары башталган күнү аксакал үй-бүлөсү менен бирге өз үйүн таштап кетүүгө мажбур болгон. Өз өмүрлөрүн сактап калууга аракет кылган айыл тургундары баалуу буюмдарын алууга үлгүрүшкөн эмес.

"Бизге тажик тарап кезектеги чагым даярдап жаткандыгы тууралуу сигнал келди. Ворух анклавы жакта шектүү жандануулар байкала баштады. Айыл тургундары тез арада чыгып кетүүгө аргасыз болушту. Мен коопсуз жерге барып, эмне болуп жатканын карап турдум. Алар биздин айылга танктар, көп сандагы жоокерлер, таанып-билүүгө мүмкүн болбогон адамдар менен бастырып киришти. Танктар жана автоматтар менен биздин үйлөргө туш келди аткылап жатышты. Кол салгандардын арасында тажик жарандары көп болчу. Алар жакшы куралданган жана мыкаачылык кылганга даяр тургандыктары көрүнүп турду. Мен колуна автомат жана гранатомет кармаган бир имамды көрдүм. Менин үйүмдө 6 уй калган, бирөөнү атып салып, калганын айдап кетишти", - дейт ал.

Аксакал окуя тууралуу айтып берип жатып, алар террордук акт же мыкаачылыктан коркпой тургандыктарын баса белгиледи.

"Эмне кылыш керектигин да билбей турам. Алар жакшы мамилени жана дипломатия тилин түшүнбөйт экен. Анын ордуна алар өз жарандарына курал таратууда. Алар эмнеги мындай кылып жатышат? Эмне үчүн? Бизге тажик тарап тынчтыкты сактоого макул болуп, кандайдыр бир документтерге кол коюлду деп айтышканда, биз дайыма эле жаман нерсеге даярданабыз. Анткени, алар эч качан сөзүндө турушпайт. Кандай болгон күндө да биз өз жерибизди эч качан аларга бербейбиз! Бизди танка менен бастырып, курал менен аткыласа да алардан эч качан коркпойбуз", - деди айыл тургуну.

Чыңалуу басаңдагандан кийин айыл тургундарынын айрымдары өз үйлөрүнө кайта башташты. Бирок алар тажик аскерлери талкалап кеткен үй-жайларды көрүп нес болушкан.

Ак-Сай айылынын тургуну Нурланбек Дубанаев тажиктер анын бир тууган агасын өлтүрүп салышкандыгын билдирди.

"Тажиктер мыкаачылык менен менин бир тууган агамды өлтүрүштү. Ал эч кимге жамандыгын жок жакшы киши эле. Азыр биздин айылда бир нече адамдын сөөгү табылгандыгын айтып жатышат. Жалгыз мектепти өрттөп, күзөтчүсүн мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Имаратты талкалап, чатырына өз желектерин илип жаткандыктарын видеого түшүрүшкөн. Бул видео социалдык тармакка тарады. Бул дагы канчага созулушу мүмкүн? Элди куралдандырып, армияны ушул жерге жайгаштырип, биз дагы айылыбызды бекемдешибиз керек деп ойлойм. Мындан ары тажик аскерлеринин жана алардын жарандарынын мындай чабуулдарына жана кол салууларына алдын ала бөгөт коюу зарыл", - деп баса белгиледи ал.

Тажик аскерлери Ак-Сай жана Капчыгай айылдарын бириктирип турган 36 метрдик көпүрөнү жардырышкан. Бул Капчыгай айылын негизги жолдон обочолонтуу максатында жасалган.

Расмий маалыматтарга караганда, тажик тараптын кол салуусунан Ак-Сай айылынын 5 жай тургун набыт болгон. 180ден ашуун үй өрттөлүп, талкаланган.

Эске сала кетсек, күн мурун президенттин администрациясы КР ТИМ менен биргеликте Баткен облусуна пресс-тур уюштурду. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери жана эл аралык уюмдардын, ошондой эле массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Тажикстандын куралдуу агрессиясынан эң көп жабыркаган Лейлек жана Баткен райондорунун Интернационал, Максат, Достук жана Капчыгай айылдарында болушту.

Пикир

Оставить комментарий