• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тажикстандын кол салуусу. Чек ара кызматынын фельдшери Нургазы Мамытов жерге берилди

Аймак 0

Бишкек, 21.09.22. /Кабар/. Тажикстандын агрессиясынан прапорщик Нургазы Мамытов каза болду. Маркум 2022 аскер бөлүгүнүн Орто-Боз чек ара заставасынын фельдшери болгон.

Мамытов 6 жылдан бери жоокерлердин ден соолугуна кам көрүп, ушул тармакта эмгектенип келген.

Нургазы Мамытов 1987-жылы Баткен районуна караштуу Ак-Татыр айылында туулган. Мекен баатыры 16-сентябрь күнү Баткен районунун Үч-Дөбө айылында Тажикстандын кол салуусунан каза болду. Ал жанында жүргөн аскерлердин өмүрүн сактоо үчүн барган.

Маркумдун артында жубайы жана төрт кызы калды.

"Кабар" агенттигинин жалпы жамааты Нургазы Мамытовдун жакындарына, туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасады.

140 миңге жакын жараныбыз чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды.

КР Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 59 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) каза болуп, 198 киши жабыркады.

Пикир

Оставить комментарий