• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тажикстандын кол салуусу. Декабрда 150 үйдүн курулушу аяктайт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 08.12.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 20-декабрына чейин Тажикстандын кол салуусунан жабыркаган Баткен облусундагы 150 тургундун үйүнүн курулушу аяктайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 8-декабрдагы жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтуусуна караганда, курулушу бүткөн үйлөргө тургундар көчүп кирсе болот.

"Мамлекеттик курулуш агенттиги көзөмөлдөп жатат. Үйлөрдү "Аманат" компаниясы субподрядчиктер менен биргеликте салып жатат. Жалпысынан долбоорго 31 компания тартылган. Алар 20-21-декабрга чейин 150 үйдүн курулушун бүтүрөт. Алар жашоочуларга берилет, калган үйлөр курулуш иштери аяктаганда тапшырылат", - деди Жапаров.

Ал жаңы үйлөрдүн курулушуна бюджеттен жалпы 1 млрд сом бөлүнгөндүгүн кошумчалады. Зарылчылыкка жараша кошумча каражат бөлүнөт. ӨКМдин акыркы маалыматына таянсак, Баткен облусундагы айылдарда 432 үй кыйраган.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасаган.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланган. Куралдуу кагылышуунун кесепетинен Баткен облусунун аймагында 600дөн ашуун турак жай жабыркаган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 63 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) шейит болуп, 198 киши жабыркаган.

Пикир

Оставить комментарий