• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Тажикстандын кол салуусу. Камчыбек Ташиев чек арадагы эвакуацияланган жарандар менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 18.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 18-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган комиссия Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жапа чегип, үй-жайын таштап качууга мажбур болгон Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан айылдарынын тургундары менен жолукту. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда чек арага жакын жайгашкан аймактардын тургундарынын бул күндөрү кандай көйгөйлөргө кабылгандыгы жана алардын коопсуздугу талкууланды.

Өз кезегинде, УКМКнын башчысы чогулгандарга кайрылып, чек ара жана ага байланыштуу бардык маселелер мамлекет башчынын өзгөчө көзөмөлүндө экенин, аларды чечүү үчүн коңшу мамлекет менен зарыл сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

Ал ошондой эле чек аранын бардык талаштуу тилкелери мамлекеттин жана чек ара аймагынын тургундарынын кызыкчылыктарын сактоо менен, өз ара алгылыктуу шарттарда гана тынчтык жолу менен чечиле тургандыгы баса белгиледи.

Ташиев жарандарга чек арадагы кырдаалды турукташтыруу жана жөнгө салуу, ошондой эле жай тургундардын кадимки жашоого кайтып келүүсүнө шарт түзүү үчүн комиссия тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Пикир

Оставить комментарий