• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Тажикстандын кол салуусу. Кеминде Амангелди Балыкчиевдин сөөгү жерге берилди

Коом 0


Бишкек, 19.09.22. /Кабар/. Тажик тараптын Кыргызстанга кол салуусунан курман болгон Амангелди Балыкчиевдин сөөгү Чүй облусунун Кемин районунда жерге берилди.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына анын жакындары, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышты.

Балыкчиев 2001-жылы 28-августта Кемин районунда туулган. Үй-бүлөдө үч бир туугандын экинчиси болгон.

"Кабар" маалымат агенттиги шейит кеткен Амангелди Балыкчиевдин жакындарына, туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда мерт кеткендердин саны 59га жетти, дагы 163 киши жабыркады.

Пикир

Оставить комментарий