• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тажикстандын кол салуусу. Кыргызстандын окко учкан чек арачыларына түбөлүк даңк!

Коом 0

Бишкек, 19.09.22. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын жетекчилиги жана өздүк курамы оор жана орду толгус жоготууга учурады.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде орун алган куралдуу агрессияда мекенди, Баткен жана Ош облустарынын жай тургундарын коргоп жатып КР УКМК Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери каза тапты.

Манас атабыздын эр жүрөк урпактары Аскердик антка бек туруп, аларга коюлган тапшырманы ар намыстуулук менен аткарышты - душманды Кыргызстандын аймагына киргизбей, дагы бир ирет чек арачылар өлкөбүздүн ишенимдүү калканы экендигин далилдешти.

Алар өз өмүрүндө ата-журтка ак ниет кызмат кылуу жолун тандашып, көп улуттуу элибиздин коопсуздугуна, эркин жашоо укугуна жан үрөп келишкен.

Атылган октон алоолонгон өттү көкүрөгү менен тосуп, эч нерседен коркпогон бул жоокерлер согуштук кырдаалда баатырдык жана эрдик көрсөтүштү.

Кагылышта биздин уул, ага-ини, ата болгон жоокерлер, сержанттар, прапорщиктер жана офицерлер курман болушту.

Кыргызстандын эркиндигин жана көз карандысыздыгын коргоо үчүн алар бардык күчүн жумшоого, керек болсо өз өмүрүн да курмандыкка чалууга даяр экендигине алардын ар бири качандыр бир убакта ант беришкен эле, ошол антка бек туруп түбөлүктүү күзөткө кетишти!

Курман болгон күжүрмөн жолдоштордун жаркын элестери кесиптештеринин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат. Алардын ысымдары Чек ара кызматынын тарыхый барактарына жазылат. Эч бир жоошуткан сөздөр орду толгус жоготуунун күйүтүн азайта албайт. Курман болгондордун алдында биз баарыбыз карыздарбыз. Баатырларга түбөлүктүү даңк! Чек арачы-баатырларга түбөлүктүү даңк! Алардын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын жана кайгысын тең бөлүшөбүз.

КР УКМК Чек ара кызматынын жетекчилиги жана өздүк курамы.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 14-сентябрында эртең менен Баткендин Булак-Башы тилкесинде ок атылган. Көп өтпөй тажикстандык чек арачылар Баткендин Как-Сай жерлигиндеги “Достук” жана Паскы-Арык жерлигиндеги “Самаркандек” чек ара заставасына ок чыгарышкан.

Төрт-Көчө жерлигинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар макулдашууларга жетишилген.

15-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлгөн.

16-сентябрда саат 06:00дө тажик тарап КР УКМКнын Чек ара кызматынын Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто-Боз жергелериндеги чек ара отрядын жана кыргыз тараптын позицияларын аткылай баштаган.

Саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын "Көк-Таш" чек ара бекетинин көзөмөлүндөгү тилкени миномет менен ата баштаган.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуулар болуп, тажик тарап оор бронетехниканы, залптык реактивдүү системаларды (РСЗО) жана авиацияны, ошондой эле алар чек арага жакын жашаган тургундарын “тирүү” калкан катары колдонгон.

Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин аянтчасында жолугушуп, чек арадагы кырдаалды талкуулашкан.

17-сентябрда тажик тарап буга чейин жетишилген макулдашууларды бузуп, саат 08:50дөн 08:55ке чейин Баткен районунун Паскы-Арык жерлигине миномёттон ок чыгарган, андан кийин Достук айылын аткылаган.

Баткен облусуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Чек арадагы кагылышта каза болгондордун саны 59 кишиге жетти, 163 адам жабыркады.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын 19-сентябрь саат 08:00гө карата маалыматына ылайык, Ош облусунун Чоң-Алай районунда жана Баткен облусунда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал чыңалуу бойдон калууда.

Ал ортодо Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги чек арадагы куралдуу кагылышка байланыштуу расмий билдирүү таратып, Тажикстандын агрессиясын алдын ала пландалган куралдуу акт катары баалай тургандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий