• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тажикстандын кол салуусу. Лейлек районунда талкаланган эки мектеп пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 24.01.23. /Кабар/. 2022-жылдын сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардан улам талкаланган Лейлек районунун Максат жана Арка айылдарындагы орто мектептери толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, аталган орто мектептерде 2023-жылдын 23-январынан тарта кадимки шартта окуу башталды.

Максат айылындагы орто мектептин оңдоо иштерине 3 млн 279 миң 760 сом, Хамза атындагы орто мектепти оңдоого 1 млн 576 миң 82 сом жумшалды. Оңдоп-түзөө иштери 2022-жылдын 12-декабрында башталган.

Эске салсак, 2022-жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алуу максатында Баткен облусунун жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун чек ара заставаларына жана калктуу конуштарына куралдуу кол салган.

Тажикстандын куралдуу кол салуусунун кесепетинен КР Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматтары боюнча, 63 адам курман болуп, 198 адам жабыркаган. Ошондой эле турак жайлар, социалдык объектилер талкаланган.

Пикир

Оставить комментарий