• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Тажикстандын кол салуусу. Набыт болгондордун саны 59га жетти

Кырсык 0

Бишкек, 18.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 18-сентябрь саат 22:00гө карата алынган ыкчам маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунан 59 кыргызстандык мерт кетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, саламаттыкты сактоо уюмдарына кайрылгандардын жалпы саны 144 адамды түзүп, анын ичинен 7 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.

Жабыркагандардын көбү Бишкек жана Ош шаарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына которулган (102 жабырлануучу):

1. Улуттук госпиталда - 71 жабырлануучу;
2. Улуттук хирургиялык борбор – 8 жабырлануучу;
3. Эне жана баланы коргоо улуттук борбору – 8 жабырлануучу;
4. Тез жардам ооруканасы - 9 жабырлануучу;
5. Ош облустук бириккен ооруканасы – 4 жабырлануучу;
6. Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасы – 2 жабырлануучу.

"Жабыркагандардын калгандары Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарында стационардык дарыланууда. Баарына керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Мындан сырткары, кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий