• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тажикстандын кол салуусу. Набыт болгондордун саны 62ге жетти

Кырсык 0

Бишкек, 24.09.22. /Кабар/. 2022-жылдын 24-сентябры саат 12:00гө карата алынган ыкчам маалыматтарга ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан набыт болгондордун саны 62 кишиге жетти. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн брифингде Саламаттык сактоо министрлигинин Баткен облусундагы координатору Арзыбек Бөрүбеков билдирди.

Анын айтуусуна караганда, Баткен облусундагы саламаттыкты сактоо уюмдарына кайрылгандардын жалпы саны 198 адамды түзүп, анын ичинен 62 жабырлануучу амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

"Жабыркагандардын 13ү балдар, 171и эркектер жана 14ү аялдар. Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө үчөөнүн абалы туруктуу, калгандарынын абалы орточо жана салыштырмалуу канааттандырарлык. Бардык жабырлануучуларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү санда бар", - деп кошумчалады Бөрүбаев.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасады.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды.

Пикир

Оставить комментарий