• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тажикстандын кол салуусу. Саламаттык сактоо министрлиги жабыркаган медмекемелер тууралуу айтты

Кырсык 0

Бишкек, 24.09.22. /Кабар/. КР Саламаттык сактоо министрлиги Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунан Баткен облусунда жабыркаган медициналык мекемелер боюнча маалымат берди.

Баткен облусунун Баткен районунда жабыркаган медициналык мекемелер боюнча маалымат:

1. Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айылындагы «Бакай» ФАПы: ФАПтын имаратына чатырына снаряд түшүп, ички эки бөлмөсү жараксыз абалга келтирилген, айнектери толугу менен талкаланган. Имарат капиталдык ондоого муктаж.

2. Баткен районунун Самаркандек жалпы дарыгерлер практикалык борборуна караштуу Капчыгай ФАПы: Имарат толугу менен өрттөлгөн жана анын ичиндеги медициналык жабдуулар, катуу жана жумшак эмеректер жараксыз абалда. Имаратты кайра куруу керек.

3. Баткен районунун Ак-Сай фельдшердик-акушердик пунктунун имараты жабыркаган эмес. оңдоого муктаждык жок.

4. Баткен районунун Достук айылындагы ФАП: Имарат толугу менен өрттөлгөн, анын ичиндеги медициналык жабдуулар ошондой эле катуу жана жумшак эмеректер жараксыз абалда. Имаратты кайра куруу керек.

5. Баткен районунун Достук айылына караштуу тез жардам унаасы: Чаткал элинен жардам катары берилген тез жардам унаасы жабыркаган.

Унаанын алды жагынан 5 жерине (алдыңкы айнегине, айнегинин үстү жагына жана алдыңкы капотуна) ок тийген, арткы айнеги талкаланган, ичиндеги медициналык шаймандары толугу менен талкаланып жана тонолгон. Автоунаа капиталык оңдоого муктаж.

Баткен облусунун Лейлек районунда жабыркаган медициналык мекемелер боюнча маалымат:

1. Лейлек районунун Кулунду ЖДПБ караштуу №20 борбордук ҮДТнун имараты: Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имаратынын айнектери талкаланган жана ички бөлмөлөрүнүн эшиктери талкаланган, дубалдарына ок атуучу куралдан жабыркаган. Имарат кайра курууга муктаж.

2. Лейлек районунун Кулунду ЖДПБ караштуу Максат айылындагы ФАП: ФАПтын чатырына снаряд түшүп бөлмөлөрү жараксыз абалда. Медициналык жабдуулар жана эмеректер толугу менен жараксыз абалда. Капиталдык оңдоого муктаж.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасады.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 62 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) шейит болуп, 198 киши жабыркады.

Пикир

Оставить комментарий