• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тажикстандын кол салуусу. Ысык-Көлдөн Баткенге 200 тонна гумжардам жөнөтүлдү

Аймак 0


Бишкек, 19.09.22. /Кабар/. Ысык-Көлдөн Баткен облусуна 200 тоннага жакын гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Тажикстандын Кыргызстандын аймагына куралдуу кол салуусунан улам түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Ысык-Көл облусунун бардык аймактарында гуманитардык жардамдарды кабыл алуу үчүн 69 пункт ачылган.

Жергиликтүү тургундар азык-түлүк, керектүү буюмдарды, ошондой эле акча чогултууга активдүү катышууда.

Пикир

Оставить комментарий